Казакстан менен Грузиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн
көлөмү 30%га өсүп, 190 миллион долларды түздү. Өз ара соода жүгүртүүнүн бул
көрсөткүчүнө быйылкы жылдын алты айында гана жетишилди. Мындай маалыматтар эки
өлкөнүн өкмөт башчылары Алихан Смаилов менен Ираклий Гарибашвилинин Алматыда
өткөн жолугушуусунда айтылды. Тараптар соода, транспорт жана логистика
тармагындагы кызматташтыктын дараметтерин талкуулашты. Алихан Смаилов Грузия
Казакстандын Түштүк Кавказдагы маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшү экенин
белгиледи. Эки тараптуу мамилелерде транзиттик жана транспорттук багыттагы
кызматташууга артыкчылык берилген. Маселен, бүгүнкү күндө Транскаспий эл аралык
транспорттук каттамдарын өнүктүрүүнүн алкагында эки өлкөнүн кызматташтыгы күч
алды. Өткөн жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча Ортоңку коридор боюнча жүк ташуу
көлөмү 77%га өсүп, 1,3 миллион тоннаны түздү. Казакстандын премьер-министри
өлкө бардык тармактарда кызматташуунун динамикалык өнүгүшүн камсыз кылууга
ниеттенип жатканын билдирди. Өз кезегинде Ираклий Гарибашвили Грузия Казакстан
менен эки тараптуу кызматташуунун бардык спектринде натыйжалуу кызматташууну
бекемдөөгө даяр экенин ырастады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков