Чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү үчүн жаңы сервистерди түзүү пландары тууралуу бүгүн Kaspi.kz компаниясынын негиздөөчүлөрү Вячеслав Ким жана Михаил Ломтадзе Касым-Жомарт Токаевге айтып беришти. Ошондой эле алар мамлекет башчыга иштин жыйынтыгы тууралуу маалымат беришти. Алсак, бүгүнкү күндө 700 миңге жакын атамекендик бизнесмендер компания берген технологиялардын жардамы менен өз иштерин өнүктүрүшүүдө. 6 ай ичинде порталда 150 миң жеке ишкер каттоодон өтүп, товарлар жана кызматтар үчүн 12 триллион теңге накталай эмес төлөм жүргүзүлгөн. Ал эми компания тарабынан мамлекеттик органдар менен биргеликте түзүлгөн онлайн-сервистердин аркасында казакстандыктар 1 трлн теңгеден ашык салыкты аралыктан төлөшкөн. Жолугушууда Президент ата мекендик чакан жана орто бизнес секторуна мындан ары көмөк көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков