Курык портунда жарым жылдын ичинде 1 миллион тонна жүк ташылды

Курык портунда жарым жылдын ичинде 1 миллион тонна жүк ташылды

Курык порту аркылуу миллион тоннадан ашык жүк ташылды. Бул көрсөткүчтү келечекте 2 миллион 300 миң тоннага жеткирүү пландалууда. Ушул максатта мында кошумча причалдар жана дан терминалы курулуп жатат. Акыркысы жылына 1 миллион тоннага чейин дан сактоого жана ташууга мүмкүнчүлүк болот. Долбоор быйыл ишке кирүүсү күтүлүүдө. Мындан тышкары портто ири деңиз транспорттук-логистикалык кластерин түзүү боюнча комплекстүү план иштелип чыккан. Учурда анын алкагында тереңдетүү иштери жүрүп жатат. Терминалдардын ишмердүүлүгү да өзгөрүп, порттун өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулайт. Бул эле эмес, кемелер үчүн причал аянты да 220 гектарга чейин көбөйөт.

 

Серик Ахметов, «Курык» деңиз портунун башкы мүдүрү:


-Курык портунун аймагында катуу шамал жок. Бул анын негизги өзгөчөлүгү болуп саналат. Мына ошондуктан вагон жана темир жол парому жыл бою тынымсыз иштейт. Биз менен өнөктөштүк түзүүнү каалагандар көп.

 

Айткали Нурмагамбетов, «Курык» деңиз порту секторунун жетекчиси:


-Учурда тереңдетүү иштерин жүргүзө турган компания аныкталган. Мындай иштер порттун акваториясынын бардык аймагында жүргүзүлөт. Бул порт сууларында кошумча беш причалдарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков