К. Токаев: Борбор Азия өлкөлөрүнүн соодасын 15 млрд долларга чейин жеткирүү керек

К. Токаев: Борбор Азия өлкөлөрүнүн соодасын 15 млрд долларга чейин жеткирүү керек

Казакстандын Борбор Азия мамлекеттери менен соода жүгүртүүсүн 15 млрд долларга чейин жеткирүүгө болот. Касым-Жомарт Токаев мындай көрсөткүчтү көбөйтүүнү Кыргызстанда өтүп жаткан Мамлекет башчылардын консультативдик жолугушуусунда сунуштады. Президент акыркы беш жылда соода жүгүртүү көлөмү 42 пайызга өскөнүн белгиледи. Казакстандыктар коңшулар менен 6 миллиарддан ашык долларга соода жүргүзгөн. Бирок сан тараптардын бүткүл дараметин чагылдырбайт. Бул жааттагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн чоң резервдер бар экенин белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Көп жагынан санкциялык согуштардын жана өсүп жаткан протекционизм таасиринен келип чыккан жакынкы глобалдык рецессиянын коркунучу, аймактык экономикалык кызматташууну тездетип, өнүктүрүү маселесин биринчи планга алып чыгат. Жеткирүүлөрдүн өндүрүштүк жана соода тизмектери бузулган шартта аймактык кызматташуу тенденциясы бардык жактан айкын көрүнөт. Ушундай абалда биздин өлкөлөр ортосундагы мен белгилеген соода көрсөткүчү колдо болгон бүткүл дараметти көрсөтпөйт. Борбордук Азиялык экономикалык кооперация, эң башкысы болбосо дагы толук түрдө биздин улуттук экономикаларды өстүрүүнүн негизги булактарынын бири боло алат.

 

Которгон: Субанбек Исмакеев