Азия өнүктүрүү банкы 2024-2025-жылдарга Казакстан экономикасынын өсүшүнө байланыштуу болжолун өзгөрүүсүз калтырды

Азия өнүктүрүү банкы Казакстандын 2024-2025-жылдарга карата экономикалык өсүш болжолун өзгөртүүсүз калтырды. Ал тиешелүүлүгүнө жараша 3,8% жана 5,3% деңгээлинде сакталат. Каржылык  мекеменин баасына ылайык, Борбор Азиядагы эң ири экономика Казакстандын өнүгүү темпи туруктуу болот. Адистердин айтымында, быйылкы жылдын биринчи кварталында ата мекендик экономика 3,7%га өстү. Серепчилер  бул жаңы тенденцияны өлкөдөгү курулуш, кайра иштетүү өнөр жайы жана тейлөө тармактарынын өнүгүшү менен байланыштырышат. Ал эми курулуш жана кайра иштетүү өнөр жайы быйылкы жылы экономикалык өсүштүн негизги кыймылдаткычтары бойдон калат. Мындан тышкары, тоо-кен өндүрүшү Казакстандын экономикасынын орто мөөнөттүү өсүшүнө чоң салым кошоору күтүлүүдө. Ал үчүн «Теңиз» кенин кеңейтүү долбоорун 2025-жылдын экинчи кварталында ишке киргизүү туура дешет адистер. Бул жаңы баяндамада инфляциянын болжолдору да өзгөрүүсүз калды. Анын деңгээли акырындык менен 2024-жылы 8,7%, 2025-жылы 6,3%га чейин төмөндөйт.

Белгилей кетсек, аталган каржы институту Азия-Тынч океан аймагындагы өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн экономикалык өсүштүн жалпы болжолу менен «Азия өнүгүүсүнө сереп салуу» аталышындагы такталган отчётун жарыялады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков