Циндао шаарындагы өнөр жай жана инновациялык кызматташтыктын биринчи форумунда жолугушкан Кытай Эл Республикасы жана чөлкөмдүн беш өлкөсүнүн саясатчылары, ишкерлери, серепчилери ушул жана башка маселелерди талкуулашууда. Жыйынга катышуучу тараптар өз ара соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жана товарлардын үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылуу маселелерин ортого салышты. Өнөр жай жана илимий кооперацияны түзүү, жашыл технологияларды өнүктүрүү боюнча ар кандай пикирлер айтылды. Бул тармакка инвесторлор аба менен суудай керек деген тыянакка келишти.
Куаныш Амантай, «KAZAKH INVEST» УК Кытайдагы башкы өкүлү:
- Бүгүн биз бул Форумдун алкагында Казакстандын инвестициялык дарамети менен тааныштырдык. Жалпысынан Форумга бир катар жергиликтүү жана кытайлык компаниялар катышты. Форум аянтында бир нече компаниялар менен жолугушууларды өткөрдүк. Уюштуруучулардын айтымында, бул иш-чара салттуу форумдардын бири катары өткөрүү пландалууда. Биздин оюбузча, бул Казакстанга кошумча инвестицияларды тартуу үчүн эң жакшы аянтчалардын бири болот.
Форумдун катышуучулары Бир алкак, бир жол демилгесинин алкагында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана климаттын өзгөрүшүнө байланышкан жалпы көйгөйлөрдү биргелешип чечүү жолдорун карашат. Өз ара өнөктөштүктүн дагы бир маанилүү бөлүгү – транспорт. Аймак Кытай-Европа темир жол байланышынын негизги звеносуна айланмакчы. Ал эми соода кызматташтыгы аймактык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Расмий маалыматтарга караганда, Кытайдын Борбор Азия өлкөлөрү менен соодасы өткөн жылы 70 миллиард доллардан ашкан. Адистердин айтымында, ал 2021-жылга салыштырмалуу 40%га жакын жана дипломатиялык мамилелердин 30 жыл ичинде 100 эсеге өскөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков