Казакстан – Кыргызстан: байланышты кеңейтүүгө багытталган бизнес-форум

Казакстан – Кыргызстан: байланышты кеңейтүүгө багытталган бизнес-форум

Казакстан Кыргыз Республикасына 15 миллион долларлык өнүм жеткирет. Мындай келишимге Бишкекте өткөн бизнес форумда жетишилди. Иш-чарага өлкөнүн атынан 20 ата мекендик компания катышты. Бул негизинен тамак-аш азыктары, курулуш материалдары, медициналык багыттагы буюмдар жана химия өнөр жай өнүмдөрү.

Аскар Салымбеков,  «Дордой» Ассоциациясынын ардактуу президенти:

- Кыргыз тарап да ишке жигердүү киришүүбүз керек деп ойлойм. Биз бир экономикалык биримдикте кызматташуунун үлгүсүн көрсөтүшүбүз зарыл. Ошондо бизге эч ким бөгөт коё албайт.

Казакстан менен Кыргызстан жаңы рынокко чыгуу үчүн күчтөрдү бириктирүүгө даяр. Бул үчүн Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында өнөр жай соода-логистикалык борборун куруу көздөлүүдө. Ал казак тараптагы Карасу чек ара бекетине жана кыргыз тарапка Ак-Тилек өткөрмө бекетине жакын жерде курулат. 80 гектар аянтка кампалар, өндүрүштүк имараттар жана жүктөөчү аянтчалар жайгаштырылат.

Динмухамед Абсаттаров,  «Казэкспоконгресс» Улуттук компаниясынын төрагасынын орун басары:

- Соода-логистикалык борбордун артыкчылыктары аныкталды. Бул өндүрүш, атаандаштык артыкчылыктары бар товарларды чыгаруу, айыл чарба өнүмдөрүн сактоо жана кайра иштетүү үчүн жайларды түзүү, жеңил өнөр жай тармагында кооперативдик өндүрүштү өнүктүрүү, эл аралык товардык өндүрүш системасы тармагында логистикалык объектилерди куруу.

Белгилей кетсек, өткөн жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 971 миллион долларды түзгөн. Серепчилер биргелешкен сооданын дарамети алда канча жогору деп эсептешет. Эми аны 2,5 миллиард долларга чейин жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бар.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков