Казакстан буудай экспорту боюнча абсолюттук рекордко жетти

Казакстан буудай экспорту боюнча абсолюттук рекордко жетти

Казакстанда буудай экспорту рекорддук деңгээлге жетти. Муну статистика далилдеп турат. 2022-жылдын аяк оона айынан ушул жылдын теке айына чейин биздин өлкө тышкы рынокто 7 миллион тоннадан ашык дан соодасын жүргүздү. Бул акыркы бир нече сезон үчүн абсолюттук рекорд экенин белгилей кетүү керек. 2021-2022-жылдардын тийиштүү мезгилине салыштырсак, республика 5 миллион тоннадан ашык буудай экспорттогон. Экспорттун басымдуу бөлүгү Өзбекстанга жөнөтүлөт. Коңшу өлкө ата мекендик дан эгиндерин алган  эң ири импортерлордун бири. Өзбекстанга 3 миллион тоннадан ашык буудай жөнөтүлгөн. Бул мурунку мезгилдерге караганда бир кыйла көп. Мындан тышкары Тажикстан казакстандан дээрлик 1 миллион тонна жакын эгин сатып алган. Ооганстанга 740 миц тоннадан ашык эгин жөнөтүлгөн. Бир аз азыраак буудай Түркмөнстан менен Кытайга сатылган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков