Казакстан жүк ташуу рыногундагы негизги жол түйүнүнө айланууда. Кытайдан Европага багытталган товардын негизги бөлүгү Казакстан аркылуу өтөрү талашсыз. Буга далил катары статистиканы карасак болот. Ага ылайык, Кытай менен Борбордук Азия мамлекеттеринен ташылуучу товарлардын артып жатканын айтууга болот. 2023-жылдын 10 айында Курык деңиз порту аркылуу жүктөрдү кайра жүктөө көлөмү 1,8 миллион тоннадан ашты, бул өткөн жылдын тийиштүү көрсөткүчүнөн 15%га жогору. Анын ичинде 1,2 миллион тоннадан ашууну темир жол аркылуу портко жеткирилген. 10 айдын ичинде порт 600ге жакын паромду, 16,5 миңден ашык вагонду, ошондой эле, ондогон жүк жана жеңил автотранспорт каражаттарын тейледи. Курык порту аркылуу мунай жана химиялык өнүмдөр, металл, эл керектөөчү товарлар ташылат. Мындан тышкары, транзит менен жабдуулар, электроника, текстиль, химия өнөр жай өнүмдөрү, металлдан жасалган буюмдар өтөт.
Серик Ахметов, Курык портунун башкы мүдүрү:
- Азыркы
убакытта казакстандык өнүмдөр салттуу вагондор менен ташылат. Алар 1520 мм
темир жол изине ылайыкталган. Дал ушул талап менен салынган жолдор аркылуу ата
мекендик экспортту илгерилетүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Буга Азербайжан
менен Грузия багыты шайкеш келет. Ушундай жол менен Казакстандын өнүмдөрүн Кара деңизге түз жеткирүүгө болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков