Иш-чарада энергиянын глобалдуу өтүшү, декарбонизация жана аз көмүртектүү өнүктүрүү маселелерин чечүү пландалууда. Дүйнөнүн 29 өлкөсүнөн жети жүздөн ашык делегаттар конгресске катыша тургандыгын ырасташты. Белгилей кетсек, Дүйнөлүк мунай кеңеши БУУда катталган коммерциялык эмес уюм. Анын максаты - мунай жана газ тармагынын негизги маселелерин талкуулоо үчүн шарттарды түзүү. Уюмда 59 өлкөнүн өкүлдөрү бар. Казакстан Кеңешке 2008-жылы толук кандуу мүчө болгон. Бир күн мурун премьер-министр Алихан Смаилов аталган уюмдун президенти Педро Мирас менен жолугушту. Министрлер кабинетинин башчысы Казакстан суутек энергетикасын өнүктүрүүгө жана көмүр менен иштеген электр станцияларын газга өткөрүүгө кызыктар экенин дагы бир жолу баса белгиледи. Азыр республика 2060-жылга чейин көмүртектүү нейтралдуулукка жетүү боюнча стратегияны иштеп чыгууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков