Казакстандык аэропорттор жүргүнчүлөрдүн рекорддук санына кызмат көрсөттү

Казакстандык аэропорттор жүргүнчүлөрдүн рекорддук санына кызмат көрсөттү

Казакстандын аэропорттору 2024-жылдын биринчи жарымында 11 миллиондон ашык жүргүнчүгө кызмат көрсөттү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,5%га көп. Көрсөткүчтүн эки эсеге көбөйүшүнө 33 өлкөгө 132 каттам боюнча эл аралык каттамдардын географиясынын кеңейиши таасир этти, дейт Транспорт министрлиги. Жүргүнчүлөрдүн агымы да бир кыйла өстү. Ал 7 миллионго жакын адамга жетти. Өлкө ичиндеги ташууну алты авиакомпания ишке ашырат. Алар жумасына 640 рейс жыштыгы менен 53 багытка каттамдарды аткарышат.


Ляззат Стамгазиева, транспорт министрлигинин расмий өкүлү:


- Социалдык маанилүү каттамдардын транспорттук жеткиликтүүлүгүнө жана ички туризмди өнүктүрүүгө өлкөнүн 9 аймагындагы 19 ички аба каттамдары субсидияланат. Мындан тышкары, бугу айынан тарта Еврокомиссиянын учуу коопсуздугунун кара тизмесине киргизилген бардык чектөөлөр Казакстандан биротоло алынып салынды. Олуттуу прогрессти эске алуу менен Казакстан жана Казакстандын авиакомпанияларынан Европа Биримдигине кирген өлкөлөргө каттамдарга коюлган бардык чектөөлөр алынып салынды. Муну менен катар, ушул жарым жылда Казакстан менен Өзбекстандын аба мейкиндиги аркылуу Т-916 жаңы аба каттамы ачылды. Бул Европа менен Түштүк-Чыгыш Азияны байланыштырган кошумча каттамдардын бири. Бул каттам ачылгандан бери Европадан Түштүк-Чыгыш Азияга 19 каттам жасалды.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков