Казакстан экономикасындагы ЧОБ үлүшү 36,5%га жетти

Казакстан экономикасындагы ЧОБ үлүшү 36,5%га жетти

Казакстандын экономикасында чакан жана орто ишканалардын үлүшү 36 жарым пайызга жетти. Бүгүнкү күндө өлкө аймагында 2 миллион 31 миңден ашык чакан жана орто бизнес субъекттери катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 27%га көп. Ага жараша эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулап, быйыл 7 айда эле анын көлөмү 13,6 триллион теңгени түздү. Бул тартиптеги өсүштүн деңгээли да өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30%га өскөн. Учурда тармакта 4 миллиондон ашык адам иштейт. Адистердин айтымында, мамлекеттик колдоо чаралары жеке ишкерликтин активдүүлүгүнө да таасирин тийгизет. Маселен, “Жөнөкөй нерселердин экономикасы” жана “Бизнестин жол картасы” программалары ишке киргенден бери 95 миң долбоор субсидияланып, 57 миңи мамлекеттик кепилдикке ээ болгон. 38 000ден ашык бизнес-демилгелер жөнөкөйлөштүрүлгөн чакан насыя алышты. Кошумчалай кетсек, акыркы 10 жылда 5600дөн ашуун гранттар берилди.

Нурбол Жанабеков, УЭМнин ишкердикти мамлекет тарабынан колдоо жана коргоо департаментинин мүдүрү:

Бул программалар ишке киргенден бери 120 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлдү. Казынага 3,4 триллион теңге салык түшкөн. Бул мезгилде кичи жана орто бизнес 53 триллион теңгеге өнүм чыгарган. Жогоруда айтылган каржылык жана каржылык эмес колдоо чаралары өркүндөтүлүп, масштабы кеңейтилүүдө. Учурда министрлик тарабынан насыянын максималдуу өлчөмү, экономиканын артыкчылыктуу тармактарынын тизмеси, жылдык бонустун жана кепилдиктин өлчөмү такталып жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков