Эл аралык Валюта Фонду 2022-жылга карата дүйнөлүк экономиканын өсүү болжолун 3,2 пайызга түшүрдү. Серепчилер анын негизги себептери катары коронавирустук пандемия, акча-кредит саясатынын катаалдашы, ошондой эле дүйнөдөгү учурдагы геосаясий кырдаалды атады. Каржылык мекеменин келээрки жылга божомолу да төмөндөйт. Дүйнөлүк ИДӨдүн өсүшү 2023-жылы 3 пайыздын тегерегинде басаңдайт. Буга себеп инфляциянын жогору болушу. Аны менен күрөшүү "күтүлгөндөн кымбатка түшүшү мүмкүн"- деп эскертти каржы институту. Ага кошумча эмки жылы рецессия коркунучу өзгөчө жогору. Тактап айтканда, дүйнө жүзү боюнча негизги пайыздык чендердин жогорулашынан улам карызы жогору өлкөлөр кошумча көйгөйлөргө туш болушат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков