Өлкөнүн Соода жана интеграция министрлигинин маалыматы боюнча, жеткирилген товарлардын арасында балык азыктары, бал жана икра бар. Белгилей кетсек, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү былтыр бир жарым миллиард долларга жакындаган. Көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу 6,4%га өстү. Инвестицияларга келсек, Швейцария Нидерланды жана АКШдан кийин Казакстандагы ТОП-3 инвесторлордун катарына кирет. 2005-жылдан бери өлкөгө Швейцариянын түз инвестициясынын көлөмү 31 миллиард доллардан ашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков