Бир палаталуу
Курултайдын түзүлүшү өлкөдөгү саясий активдүүлүктү жогорулатат. Сенатор Евгений
Болгерттин айтымында, Казакстандын бардык аймактарында шайлоочулардын добуштары
үчүн партиялардын атаандашуусу саясий системанын жаңылануусуна, жаңы
демилгелердин пайда болушуна жана коом алдындагы жоопкерчиликтин жогорулашына
түрткү берет. Бул учурда шайлоочунун да ролу жогорулап, анын тандоосу Жогорку
өкүлчүлүктүү органдын курамын түзүп, өлкөнүн мындан аркы өнүгүү багытын
аныктайт.
Евгений
Больгерт, Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын депутаты:
– Бул саясий көз
караштан алганда абдан активдүү сезон болушу керек. Партиянын программаларына
катуу көңүл буруу зарыл. Коомчулукта депутаттарга же депутаттыкка талапкелерге суроо
берүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бул саясий өнөктүктүн абдан маанилүү аспектиси. Адаттагыдай
эле жарандык коом менен дараметтүү парламентарийлердин диалогун мүмкүн
болушунча эффективдүү, ачык жана динамикалуу кылуу үчүн көптөгөн аянтчалар
түзүлөт.
Парламенттин
депутаты Асхат Рахимжанов да бир палаталуу Курултай түзүлгөндөн кийин өлкөнүн
мыйзамдарында партиялардын чечүүчү ролу жогорулайт деп болжолдоодо. Анын
пикиринде, саясий бирикмелердин ишмердүүлүгүнө коомчулуктун кызыгуусу артмакчы.
Бул өз кезегинде саясий партиялардын жоопкерчилигин жогорулатып, коом менен
байланышты бекемдөөгө өбөлгө түзүшү керек.
Асхат Рахимжанов,
Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин депутаты:
– Мыйзам чыгаруу
органы – Курултай толугу менен партиялык тизме аркылуу түзүлөт. Башкача
айтканда, мыйзам чыгаруу бийлиги биринчи кезекте саясий партиялардын
позициясына негизделет. Кандай чечим кабыл алынары түздөн-түз партиялардын
алдыга койгон максаттарына, аларды ким жетектейт, кандай багытка бураарына
жараша болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

