Казакстандык окумуштуулар Алтын Ордо доорундагы эркек
адамдын келбетин жасашты. Бет-түзүлүшү дал келет деп айтууга болот. Жада калса
кийимдер да өтө тактык менен жасалган. Адамдын келбетин жана кийимдерин
Маргулан университетинин алдындагы археологиялык изилдөө институтунун
«UMAI» эл аралык лабораториясы жүргүздү.
Чапан менен эркек адамдын өтүгү Талмас-Ата күмбөзүнөн табылган. Адистердин
айтымында, көмүлгөн адамдын кебете-кешпирин калыбына келтирүү толугу менен анын
бут кийимине карата жасалды. Ал эми өтүктүн өзү байыркы технологияларды
колдонуу менен даярдалды.
Татьяна Крупа, Маргулан университетинин археологиялык изилдөө-институтунун
эл аралык лабораториясынын жетекчиси:
Бул декор абдан уникалдуу, оригиналдуу болуп саналат. Алтын Ордо дооруна
таандык. Эми аны консервациялоо пландалууда. Бирок биз бул өтүктүн көчүрмөсүн
жасадык. Бут кийимде согончогу менен таманынан башкасынын баары сакталат. Аны
толугу менен калыбына келтирип, ченеп, тигиштерин ийне-жибине чейин карап
чыктык. Ошентип, ошол мезгилдеги технологияларды, тигүү ыкмаларын колдонуу
менен таптаза булгаарыдан өтүктүн көчүрмөсүн жасадык.
Орто кылымдагы
эркек адамдын образын дал келтирүү үчүн окумуштуулар анын баш сөөгүнө пластик
колдонушкан. Мындан тышкары, лабораторияда байыркы материалдар жана боёктор
изилденди. Кийинчерээк алар Алтын Ордо доорунун тургундарынын сырткы кийимдерин
калыбына келтирүү учурунда колдонулду.
Татьяна Крупа, Маргулан университетинин археологиялык изилдөө-институтунун
эл аралык лабораториясынын жетекчиси:
Тилекке каршы, костюм сакталган эмес. Биз мүмкүн болушунча ага окшош
материалды издеп-таптык. Мисалы, биз көйнөктүн үстүнө алтын баркыт жана жибек
кездемени колдондук. Негизинен костюм, анын ичиндеги шым, көйнөк, халат баары
жибектен жасалган. Көйнөк жана башка кийимдерге колдонулган жибек кездеменин
түсү ак болду. Биз аны азыркы менен өткөндүн технологияларын байланыштыруу үчүн
алдык. Андан кийин аны Алтын Ордо доорундагы кеңири таралган түстөргө боёдук.
Эл аралык лаборатория окумуштууларынын айтымында, реконструкция иштери
мындан кийин да улантылат. Ал эми анын натыйжалары кийинки муундар үчүн
сакталып турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков