Корея
Республикасы Казакстандын негизги стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири болуп
саналат. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчысы Корея Республикасынын
Президентинин атайын өкүлү – Президенттик администрациянын жетекчиси менен
жолугушууда билдирди. Касым-Жомарт Токаев эки тараптуу кызматташуунун оң
динамикасын жогору баалап, Кан Хун Шиктин Казакстанга болгон сапарынын
маанилүүлүгүн белгиледи. Президент Астананын эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык
өнөктөштүктү кеңейтүүгө багытталгандыгын өзүнчө ырастады. Тараптар энергетика,
транспорттук-логистикалык тармактарда байланыштарды кеңейтүү келечегин
талкуулашты.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Сиздин
сапарыңыз Казак-Корей өз ара аракеттенүүсүн мындан ары да чыңдоодо чоң мааниге
ээ. Биргелешкен аракеттерибиздин аркасында өлкөлөрүбүздүн ортосундагы
кызматташтык мындан ары да ийгиликтүү өнүгөт деп ишенем.
Кан Хун Шик
жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Корея Республикасынын
Президентинин Казакстандын жаңы Конституциясын кабыл алуу боюнча референдумдун
ийгиликтүү өтүшү менен куттуктоосун жеткирди. Ошондой эле ал Касым-Жомарт
Токаевге баш оона айында өтө турган «Корея Республикасы – Борбор Азия» биринчи саммитине
катышууга чакырды. Касым-Жомарт Токаев чакырууну кабыл алды. Алдыдагы жогорку
деңгээлдеги сүйлөшүүлөр Астана менен Сеулдун, ошондой эле Борбордук Азия аймагы
менен кызматташтыкты күчөтөрүнө ишеним билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

