Казакстан Ооганстан менен байланыштарды чыңдоого даяр

Казакстан Ооганстан менен байланыштарды чыңдоого даяр

Казакстан дүйнө өлкөлөрүн Ооганстанда тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн күчтөрдү бириктирүүгө чакырат. Бул тууралуу Ташкентте өтүп жаткан “Ооганстан: коопсуздук жана экономикалык өнүгүү” аттуу эл аралык конференциянын алкагында Тышкы иштер министрлигинин атайын тапшырмалар боюнча элчиси Талгат Калиев билдирди. «Ооганстан Борбордук жана Түштүк Азияны бириктирген көпүрө. Эл аралык коомчулук анда тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу үчүн биргелешкен аракеттерди көрүшү керек. Биз бул багытта эки жана көп тараптуу да кызматташууга даярбыз» - деди казак дипломаты. Ошондой эле, ал маселеге бирдиктүү регионалдык мамиле кылуу зарылдыгын жана БУУнун ролун мындан ары жогорулатуу керектигин белгиледи. Элчи Казакстандын Ооганстан менен соода жана гуманитардык байланыштарды мындан ары да чыңдоого даярдыгын билдирди. Ташкент конференциясына 20дан ашык өлкөнүн жана алдыңкы эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чогулду.

Талгат Калиев, Казакстандын тышкы иштер министрлигинин атайын тапшырмалар боюнча элчиси:

- Аймактагы кошуна мамлекеттердин жетекчилери сөз сүйлөп, өлкөнү калыбына келтирүү багытында Ооганстандын жаңы өкмөтү менен кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти. Аны ар кандай инфраструктуралык долбоорлорго тартуу зарылдыгын бир ооздон белгилешти. Башкача айтканда, аймактык интеграцияга кошулуусун колдоду.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков