Саясий жарышта атаандаштык күчөйт. Мындай пикирин Мажилистин төрагасы президенттин «Аманат» партиясынан чыгышына байланыштуу өткөн басма сөз жыйынында билдирди.
Ерлан Кошанов, Парламент Мажилисинин, «Amanat» партиясынын төрагасы:
- Менин оюмча бул партиянын ишинде көрүнөт. Биз парламенттеги орундар үчүн башкалар менен бирдей шартта күрөшүшүбүз керек. Бул саясий атаандаштыкты гана күчөтөт. Аманат – бийликчил партия жана ал саясий күрөшкө даяр.
Которгон: Илгиз Жамалбеков