Өлкөнүн аймактарында суюлтулган газдын, күйүүчү майдын жана дизелдик отундун максималдуу баасы өткөн жылдын деңгээлинен ашпашы керек. Бул тууралуу Казакстандын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Алихан Смаилов билдирди. Ал белгилегендей, Президенттин тапшырмасы менен Казакстан 180 күндүн ичинде күйүүчү майдын баасын мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү боюнча жобону жакын арада кабыл алат. Учурдагы министрлер кабинетине суюлтулган газ боюнча аукциондорду уюштуруу жана өткөрүү эрежелерин иштеп чыгуу тапшырылды. Ал эми күйүүчү майды электрондук соода аянтчасы аркылуу сатууга толук өтүү бир жылга жылдырылды. Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү агенттиги 20 күндүн ичинде көгүлтүр отун сатуудагы баа келишимин толук текшерет. Газ өнөр жайын өнүктүрүүнүн комплекстүү планы иштелип чыгып, Маңгыстау облусундагы заводдун курулушун мамлекеттик экспертизадан өткөрүү тездетилет. Алихан Смаилов Президент тапшырган ар бир тапшырманын конкреттүү шарттары тууралуу айтып берди.
Алихан Смаилов, РКнын Премьер-Министринин милдетин аткаруучу:
- Соода жана интеграция министрлиги, Айыл чарба министрлиги облустук акимчиликтер менен биргеликте социалдык маанилүү азык-түлүктүн баасына көзөмөлдү күчөтүүгө тийиш. Мындан тышкары, индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги коммуналдык төлөмдөргө убактылуу мораторий киргизүүсү керек. Эмгек жана социалдык коргоо министрликтери облустук акимчиликтер менен бирдикте калктын социалдык аялуу катмары үчүн турак жайды ижарага алуу акысын субсидиялоо маселесин иштеп чыгып, Өкмөткө сунуш киргизсин. Каржы министрлиги кызыктар мамлекеттик органдар менен биргеликте Саламаттык сактоо, Билим берүү жана илим министрликтери саламаттык сактоонун жана балдардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн Казакстан элине коомдук фондун түзүүнү камсыз кылсын.
Которгон: Илгиз Жамалбеков