Астанада жасалма интеллектин мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Астанада жасалма интеллектин мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Астана калаада өткөн «Technowomen Central Asia» эл аралык форумунда серепчилер акылдуу системаларды керекке жаратуу боюнча пикир алмашты. Алардын баамында, Нейрондук желелерди ишке киргизүү келечекте көптөгөн кесиптердин түп-тамырынан бери өзгөрүшүнө жана эмгек рыногунда атаандаштыкты күчөтүүгө өбөлгө түзөт. Андыктан Борбордук Азия чөлкөмүнүн жаштары буга азыртан даяр болушу керек. Адистер санариптик жөндөмү жогору адистерге болгон муктаждык дээрлик эки эсеге өсөт деп эсептейт. Суроо-талапка ээ болгон кесиптердин тенденциясын сактап калуу үчүн IT чөйрөсүндөгү көндүмдөрдү жогорулатууга басым жасоого кеңеш берилет. Бул максатта Борбордук Азияда жасалма интеллектти киргизүү боюнча бирдиктүү хаб түзүү сунушталып жатат.

 

Умида Зиямова, Өзбекстандын финтех бирикмесинин талдоочулук кеңешинин мүчөсү:

- Менин оюмча, бул багытта IT хаб, башкача айтканда, жасалма интеллектке негизделген технологияларды бириктирген уюм түзүү абдан маанилүү. Заманбап системаларды ишке ашыруу үчүн терең кызматташтыкты орнотуу керек. Мисалы, ЖОЖдор арасында, жалпысынан ушул тармактагы стартап боюнча өз ара тажрыйба алмашуу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү керек. Биз алдыңкы технологиялардын негизинде терең билим бар экенин билебиз. Бул багытта элдин сабаттуулугун ачуу абдан маанилүү. Башкача айтканда, жасалма интеллекттин сырларын үйрөтүүчү окуу курстарын ачуу керек.

 

Азиза Шужеева, «Technowomen» КЕУ башкарма төрайымы:

- Жыгач уста сыяктуу физикалык эмгекти талап кылган бир нече кесип бар. Балким алар кала берет, же жаңы куралдардын кандайдыр бир таасири астында өзгөрүшү мүмкүн. Ал эми жогорку интеллектуалдык эмгекти талап кылган - окумуштуулар жана башкалар тууралуу айта турган болсок, бул тармакта алар да кесип катары сакталып калат. Бирок операторлор, көзөмөлчүлөр, жада калса дикторлор иш жүзүндө өзгөрөт. Буга дагы көп кесиптер кирет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков