Казакстан ЕАЭБдин ишмердүүлүгүнө жасалма интеллектти
киргизүүгө басым жасоону көздөөдө. Эске салсак, өлкө үчтүн айынын 1нен тарта Бирикменин органдарында төрагалык
кылат. Бул тууралуу Шымкент шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин
кеңейтилген жыйынында премьер-министр Олжас Бектенов билдирди. Бажылык
башкаруу, логистика, өнөр жай жана агро
өңөржай комплекчи сыяктуу багыттар артыкчылыктуу. Ал
эми ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транзиттик-транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн толук ачуу үчүн
казак тарап жасалма интеллекттин базасында жүк агымдарын координациялоо боюнча
интеграцияланган платформа түзүүнү сунуштады. Бул жеткирүү мөөнөттөрүн
кыскартууга, чыгымдарды азайтууга жана евразиялык транспорттук коридорлордун
атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Олжас Бектенов, Казакстан Премьер-министри:
–
Казакстан өзүнө санарип өлкөгө айлануу боюнча стратегиялык максат койду.
Заманбап экосистема түзүлдү, анын негизги элементи Борбор Азиядагы
IT-стартаптардын эң ири эл аралык технопаркы – Astana Hub болуп саналат. Билим
берүүнү, илимий изилдөөлөрдү жана инновациялык долбоорлорду колдоону
бириктирген Alem.ai жасалма интеллект боюнча эл аралык борбору ачылды.
Казакстан ЕАЭБ боюнча өнөктөштөр менен санариптик жөнгө салуу жана экономиканы
трансформациялоо жаатында билим жана тажрыйба алмашууга даяр.
Мындан тышкары, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдү тастыктоо процесстерин толугу менен электрондук форматка өткөрүү сунушталды. Бул өз ара сооданын ачык-айкындуулугун камсыз кылат. Катышуучулар ошондой эле соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана жаңы тышкы рынокторго чыгууга көңүл бурушту. Артыкчылыктуу багыттар - Араб дүйнөсү, Түштүк-Чыгыш Азия жана Африка өлкөлөрү. Жыйындын жыйынтыгында тараптар 12 документке кол коюшту. Алар интеграцияны өнүктүрүүгө жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн экономикасын чыңдоого багытталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

