Казакстан КЭР-нын Ханчжоу шаары менен кызматташтык аянтын бекемдөөгө кызыкдар

Казакстан Кытай менен агро өнөр жай комплекси багытында кызматташууну кеңейтүүгө ниеттенүүдө. КЭР-нын ишканалары айыл чарба тармагына алдыңкы инновациялык технологияларды киргизүүгө кызыкдар. Бул жаатта эки тарап тең биргелешкен долбоорлорду колго алууга даяр. Ошондой эле соода-логистика, энергетика жана фармацевтика, туризм сыяктуу экономиканын түрдүү тармактарында кызматташуу бекемделет. Ушул жана башка өнөктөштүк дарамети Астанада өткөн «Казакстан-Кытай» экономикалык форумунда ар тараптуу талкууланды. Жолугушууда ата мекендик ишкерлер Ханчжоулук ишкерлер менен бир катар кызматташуу меморандумдарына кол коюшту. Иш-чарага ондогон жергиликтүү жана Кытайдын жети байыркы борборлорунун ондогон компаниясы катышты. Белгилей кетсек, Ханчжоу КЭР-нын экономикасын санариптештирүү боюнча лидер болуп саналат. Шаарды Кытайдын кремний өрөөнү деп да аташат.

 

Мурат Карымсаков, Казакстандын тышкы соода палатасынын башкарма төрагасы:

-Бул өнүгүү темпи боюнча эң заманбап провинция. Бул Ханчжоу Али Баба глобалдык базарынын негиздөөчүсү жана анын акционеринин мекени. Бизде да анын базасы түзүлдү. Биз кытайлык кесиптештерибиз менен активдүү иштешип жатабыз. CCPIT – КЭР-нын ири бизнес-ассоциацияларын бириктирген соода-өнөр жай палатасы. Ата мекендик бизнес бул жолу ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар келишимдерге жетишет деп ишенебиз.

Алекс Ян, КЭР-нын бизнес делегациясынын өкүлү:

 

-Биздин компания глобалдык иштеп чыгуучуларга AI+IoT тиркемелерин оңой жана натыйжалуу долбоорлоого жана өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген чечимдердин кызматтарын сунуштайт. Биздин Казакстан менен азыркы кызматташуубуз турак жай бизнесине багытталган. Башкача айтканда, акылдуу үйлөр жана имараттар. Биз айыл чарба, коммуналдык чарба жана энергетика сыяктуу тармактарда заманбап чечимдерди ишке ашырууну көздөп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков