Казакстанда блокчейн индустриясын өнүктүрүү

Казакстанда блокчейн индустриясын өнүктүрүү

Ага ниеттенген талапкерлер өлкөнүн 22 жогорку окуу жайларында заманбап адистикти үйрөнө алышат. Бул биринчи кезекте өлкөдө санариптик маалыматтарды сапаттуу иштетүү, криптокаржы рыногун өнүктүрүү жана кибер коопсуздукту камсыз кылуу үчүн зарыл. Бүгүнкү күндө Binance Казакстандын мыкты блокчейн менеджерлеринин 350дөн ашык ата мекендик мугалимдери жаңы багытта такшалмасын жогорулатууда. Бул маалыматтар борбордо өтүп жаткан Борбор Азиядагы тармактын эң ири жолугушуусунда компания өкүлдөрү тарабынан айтылды. Адистер өлкөдө блокчейн технологияларынын өнүгүү темпи жогорулаганын айтышат. Санариптик активдер жана криптовалюталар рыногунда да өнүгүү бар. Буга Казакстан биринчилерден болуп тармактын мыкты адистерин даярдоо программасын ишке киргизгени далил.

Жаслан Мадиев, BINANCE KAZAKHSTAN башкы менеджери:

- Казакстан бул багытта КМШны гана эмес, Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Европа өлкөлөрүн да басып өттү деп ишенимдүү айта алам. Мисалы, бул криптовалютанын лицензиялык режимин жана бардык этаптарда банк структуралары менен интеграцияны колдогон санариптик активдер мыйзамын кабыл алган биринчи өлкө. Документ ушул жылдын чын куран айынын 1де мыйзамдуу күчүнө кирген. Эми бул артыкчылыкты колдон чыгарбай, криптохаб болуунун натыйжалуу жолдорун карап чыгуу максатын көздөө.

Андрей Афанасьевский, BNB CHAIN өкүлү:

- Казакстанда атаандаша турган жаштар көп. Алардын көбү акыркы жылдары окуп жаткан студенттер жана алар менен дүйнөлүк рынокко да эркин чыгууга болот. Хакатон өзү ушундай жаштарды колдоо максатында уюштурулуп жатат. Бул жерде жаштарга 3 күн убакыт берип, биригип, өз долбоорлорун түзүүгө мүмкүнчүлүк беребиз. Ошондо аларды биз толугу менен колдойбуз: маркетингден баштап пиарга чейин биз аларга мындан ары дүйнөлүк рынокко чыгууга жардам беребиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков