«ZHAS PROJECT» долбоору аркылуу 250гө жакын демилге каржыланды

«ZHAS PROJECT» долбоору аркылуу 250гө жакын демилге каржыланды

Быйылкы жылы өлкөдө жаштардын демилгелерин колдоо үчүн 250дөн ашык чакан гранттар бөлүнгөн. Анда ар бир катышуучу өз долбоорун иштеп чыгуу үчүн 1 миллион теңгеге чейин каражат ала алат. “Zhas Project” Казакстан жаштарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү көздөйт. Катышуучулар социалдык долбоорлорду ишке ашыра алышат. Алар ошондой эле насаатчыдан кеп-кеңеш жана багыт алышат. Белгилей кетсек, сынакка 18-28 курактагы жаштар катышууда. Документтерди кабыл алуу баш оона айынын 10на чейин уланат. Быйылкы жылы долбоорлордун олуттуу бөлүгү Маңгыстау облусунда ишке ашмакчы.

Наурызбек Магдатов, "Түпкараган жаштары" коомдук бирикмесинин жетекчиси:

- Катышуучулар өз долбоорлорунун кайсы багыты боло тургандыгы боюнча чечим кабыл алгандан кийин, биздин веб-сайтка катталып, арызын тапшырышы керек. Анын бардыгы эки этаптуу тандоо жараянынан өтөт. Биринчиден, техникалык тандоо. Бул жерде долбоордун негизги талаптарга шайкештиги текшерилсе, экинчи тендердик комиссиясы өткөрүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков