Казакстан Бириккен Улуттар Уюмунун Уставын жана эл аралык укуктун принциптерин карманат. Республика мындан ары да дүйнөлүк уюмдун ролун жана кадыр-баркын чыңдоого салым кошууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Казакстандын Бириккен Улуттар Уюмуна мүчөлүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада Казакстандын Женева кеңсесиндеги жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Ерлан Алимбаев билдирди. Мааракелик иш-чаранын катышуучулары Казакстандын Борбордук Азияда өзөктүк куралсыз аймакты түзүү, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин ишин мындан ары жылдыруу, ошондой эле, Сирия боюнча Астана жараяны алкагында тынчтык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүү сыяктуу демилгелердеги Казакстандын маанилүү ролун бир ооздон белгилешти.
Татьяна Валовая, БУУнун Женевадагы бөлүмүнүн башкы мүдүрү:
- 30 жылдан бери Казакстан Бириккен Улуттар Уюмунун абройлуу мүчөсү болду. Бул жылдар аралыгында көп тараптуу кызматташтыктын күн тартибине, куралсызданууга жана Туруктуу өнүгүү максаттарына олуттуу салым кошту. Казакстан ядролук куралсызданууга жана өзөктүк сыноолорго тыюу салган негизги демилгечилердин бири экендигин айтпасак да белгилүү. Казакстан аймагында көптөгөн жараяндар болгонун билебиз. Ошондуктан ядролук куралдан өз ыктыяры менен баш тарткан жана куралсыздануу боюнча зарыл чараларды көрүп жаткан мамлекет катары Казакстандын ролу албетте, өтө маанилүү экенин белгилеп кетким келет.
Ольга Алгаерова, БУУнун ЕЭК жооптуу катчысы:
- Мен Казакстандын элин жана өкмөтүн Бириккен Улуттар Уюмуна кабыл алынганынын 30 жылдыгы менен куттуктап, эң жакшы тилектеримди билдиргим келет. Биз бардык министрлик менен түрдүү аспектилер боюнча, тактап айтканда, экология, энергетика, транспорт, соода жана статистика багытында тыгыз кызматташабыз. Ошондой эле, республика биздин суу конвенциябызды ишке ашырууга жана төрагалык кылууга да чоң салым кошту.
БУУнун жана башка да эл аралык уюмдардын жогорку кызматтагы өкүлдөрү менен куралсыздандыруу тармагындагы серепчилери Казакстандын эл аралык демилгелерин колдоого жана анын эл аралык аренадагы принциптерин бекемдөөгө кошкон салымы үчүн өлкө Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган мааракелик медалы менен сыйланды.
Марк Фино, Женева коопсуздук саясаты борборунун бөлүм башчысы
- Казакстан өзүнүн ядролук арсеналынан биринчи болуп баш тартты. Куралсызданууну, эл аралык кызматташтыкты жана тынчтыктажанаша жашоону өнүктүрүүгө зор салым кошту. Тилекке каршы, биз мурдагыдай жашагысы келген өлкөлөрдү көрүп жатабыз. Бул улуу державалардын күрөшүндө башка өлкөлөргө, анын ичинде өзөктүк куралы жок мамлекеттерге да өз күчүн көрсөтүү үчүн колдонулат. Эл аралык коомчулук бул маселени чечиши керек.
Мындан тышкары, серепчилер менен дипломаттар Казакстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги туруктуу эмес мүчөлүгү жана төрагалыгы, Адам укуктары боюнча кеңешке мүчөлүгүнүн жыйынтыктарынын маанилүүлүгүн белгилешти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков