Казак окумуштуусу казактардын жаңсоосун таануунун
уникалдуу системасын ойлоп тапты. Өлкөдөгү уникалдуу интеллектуалдык комплекс
көрүү жана угуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга коом менен ээн-эркин
баарлашып, ар кандай кызматтарды тоскоолдуксуз алууга шарт түзөт. Евразия
улуттук университетинин окумуштуусу Нурзада Амангелдинин долбоору жасалма
интеллектке негизделген. Ар бир сөздүн казак алфавитине ылайыкталган бир нече нускаларын
түзүп, татаалдыгына жараша топторго бөлгөн. Кийинчерээк алардын ар бири үчүн
жасалма нейрон тармагынын модели иштелип чыккан.
Нурзада Амангелди, Л. Гумилев атындагы ЕУУ жасалма интеллект технологиясы кафедрасынын ага окутуучусу:
Бул жерде биз билим берүү үчүн ар кандай жаңсоолорду жана сурдокотормочуларды окутуу үчүн көнүгүүлөрдү, мобилдик тиркемени түзүп жатабыз, акырында чогултулган маалымат базасынын негизинде жаңсоо тилинин сөздөрүн тынымсыз табигый тилге айландырган жана ошол эле табигый тилди жаратуучу аватарды түзүп жатабыз. Биз бул текстти андан ары тыбышка айландырып эки адамдын ортосундагы диалогго айландыра алабыз.
Окумуштуу 5 жыл сарптаган уникалдуу долбоору өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн кызмат кылышын каалайт. Ал дүйнөлүк деңгээлдеги илимий журналдарда 3 макаласын жарыялаган жана өзүнүн эл аралык деңгээлде таанылган эмгеги каалаган мамлекеттик жана коомдук мекемелерде ишке ашырууга даяр. Болгону ага каражат керек. Нурзада Амангелди заманбап системаны ишке ашыруу үчүн “Илим фондунан” грант алам деген үмүттө.
Жангелди Бекбатыров, «Казакстан дүлөйлөр коому» коомдук бирикмесинин вице-президенти:
Айрыкча билим берүү тармагында жаңсоо тилин билгендер аз. Өспүрүмдөр, бала бакчадагы балдар окутулушу керек. Бул системаны колдонсок, алар үчүн мейкиндик кеңейет. Ар бир жаран үйүндө отуруп бош убактысында үйрөнүп, баарлаша алат. Бул деген эч кимге эч кандай чектөөлөр коюлбайт, алар каалаган жерде өз көйгөйлөрүн чечип жүрө беришет.
Белгилей кетсек, акылдуу система казак тилинен тышкары орус жана эл аралык жаңсоо тилдерин да тааныйт. Келечекте алардын ар биринин сөз байлыгын 3 миң сөзгө жеткирүү мерчемделген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков