«Umai-2023» Улуттук сыйлыгынын ээлери аныкталды

«Umai-2023» Улуттук сыйлыгынын ээлери аныкталды

Өлкөнүн мыкты сахна ээлери аныкталды. Өнөр ишмерлерине Улуттук «Umai» сыйлыгы ыйгарылды. Белгилей кетсек, өнөр сынагы кесипкөй чыгармачыл топтордун жана жеке аткаруучулардын эмгегин баалоо максатында өткөн жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл байге фонду 79 миллион теңгени түздү. Жалпысынан үч жүздөн ашык арыз түшкөн. Көз карандысыз баалоо комиссиясы 114 талапкерди татыктуу деп тапты. Алардын ичинен 29у гана өзгөчө сыйлыкка ээ болуп, атайын сыйлыктын ээси аталды. Алардын ар бирине «Umai» статуэткасы жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мыктылар төрт негизги категорияга бөлүндү. «Театралдык искусство», «Музыкалык жана аткаруучулук өнөр», «Хореографиялык искусство», «Сүрөттөө жана жасалга-колдонмо искусство» номинацияларынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Ошондой эле, быйыл бир катар жаңы атайын сыйлыктар даярдалды. Калыстар тобу «Жылдын ачылышын» тандады.

Сауле Маулетова, «Umai-2023» Улуттук өнөр сыйлыгын уюштуруу комитетинин мүчөсү:
- Былтыр балдарга арналган спектакль болсо, быйыл атайын сыйлыктар мыкты ырчы, мыкты бийчи, мыкты балдар спектакли жана чоң форматтагы спектаклге ыйгарылат. Тандоо мезгилинде 2021, 2022, 2023-жылдары жарык көргөн жаңы чыгармаларга, искусство жаатындагы сахналаштырылган партияларга, жалаң премьералык спектаклдерге көңүл бурдук.

Бибигүл Жанузак, «Астана Опера» театрынын солисти, «Жылдын Ачылышы» номинациясынын жеңүүчүсү:
- Джакомо Пуччининин «Турандот» операсын сунуштадым. Бул опера өтө татаал, аял үнүнө өтө жогорку аткаруу диапазонун талап кылат. Келечекте «Астана Операда» Джакомо Пуччининин «Тоска» операсын аткаргым келет. Азыр даярданып, изденүү үстүндөмүн.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков