Мамлекеттер ортосундагы алдыдагы 30 жылдагы алтын доорго жол ачкан жолугушуу. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Бээжинде өткөн Казакстандын президенти менен жолугушуусуна ушундай баа берди. Тараптар ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгара турган бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Жолугушуунун соңунда Касым-Жомарт Токаев Си Цзиньпинди Казакстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Берик Уали «Эгемен Казакстан» гезитине жарыяланган олимпиадалык дипломатияга арналган макаласында билдирди. Казакстандын президентинин жумушчу сапары Кытайдын төрагасынын Олимпиаданын ачылыш аземине келген делегация башчыларын расмий кабыл алуусу менен аяктады. Касым-Жомарт Токаев БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы мүдүрү, ошондой эле, Польша, Сингапур, Катар, Пакистан жана Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери менен сүйлөштү. Алар мамлекет башчысынын «кайгылуу үчтүн айы» окуясында кырдаалды турукташтыруу боюнча кабыл алган чечимдерине колдоолорун билдиришти, дейт макала автору.
Которгон: Илгиз Жамалбеков