Казакстанда транспорттун техникалык сынак документи санариптик форматка көчүрүлөт

Казакстанда транспорттун техникалык сынак документи санариптик форматка көчүрүлөт

Казакстандык айдоочуларга мындан ары унаанын техникалык кароодон өткөнүн тастыктаган документтин кереги болбойт. Диагностикалык карта санариптештирилет. Ал электрондук өкмөттүн мобилдик тиркемесинин жеке кабинетинде сакталат. Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлиги өлкөдөгү темир тулпардын техникалык кароо документин санариптик системага алмаштырууну Улуттук маалымат технологиялары менен биргеликте жүргүзүүдө. Эске сала кетсек, Казакстанда документтердин санариптик моделдери юридикалык күчкө ээ.

Меруерт Ыбраев, Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлиги департаментинин мүдүрү:

Бүгүнкү күндө IT адистери атайын системаны иштеп чыгып, техникалык иштерди жүргүзүүдө. Интеграция иштери аяктагандан кийин кызматтын пилоттук версиясы E gov Mobile'да жеткиликтүү болот. Аны аяк оона айынын 1 тегерегинде ишке киргизебиз деп жатабыз. Долбоордун алкагында аталган документтин санариптик модели көзөмөл органдарынын атайын маалымат базаларында сакталат. Башкача айтканда, бул документтин бар-жогун система аркылуу онлайн текшере аласыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков