Астанада Казакстан менен Өзбекстан серепчилер кеңешинин отуруму өттү

Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык жана саясий мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүүгө толук негиз бар.  Бул эки өлкөнүн белгилүү серепчинин пикири.  Баш оона айынын 6-7 күндөрү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Казакстанга келет. Маанилүү мамлекеттик сапардын алдында борбор калаада Казакстан-Өзбекстан серепчилер кеңешинин жыйыны болуп өттү.  Жолугушууда эки өлкөнүн талдоочулары эки тараптуу кызматташуунун жана аймактык интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Бауыржан Аукен, КСИИ Азиялык изилдөө бөлүмүнүн ага серепчиси:

– Казакстан менен Өзбекстан Борбор Азиядагы алдыңкы экономика болгондуктан, бул эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө гана эмес, региондун өнүгүшүнө, аймактар аралык экономиканын жана сооданын өнүгүшүнө, кызматташтыктын мындан ары да чыңдалышына чоң салым кошот.

Акыркы 7 жылда эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү эки эсеге өсүп, 4,5 миллиард АКШ долларына жетти. Казакстан Өзбекстанга 3,1 миллиард долларлык товар экспорттоду. Коңшу өлкөнүн рынокко импорту 2023-жылы 4 пайызга өсүп, 957 миллион доллардан ашты. Жакынкы аралыкта көрсөткүчтү эки эсеге көбөйтүү пландалууда. Бул үчүн эки өлкө соодадагы тоскоолдуктарды мүмкүн болушунча азайтышы керек.

Элдос Арипов, Өзбекстан Республикасы президенти алдындагы стратегиялык жана аймак аралык изилдөө институтунун мүдүрү:

– Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алдында биз аймактын өлкөлөрүнүн транспортту өнүктүрүү боюнча кеңешин түзүү сунушун киргизип жатабыз. Биздин оюбузча, бул тармакты өнүктүрүүгө бардык өлкөлөр бирдей, макулдашылган мамиле менен караганы жакшы. Мындан бардык тараптар пайда көрөт. Бул маселени чечип, мүмкүн болушунча транспорт коридорлорун курсак, экономиканы өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга жеңил болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков