ДССУ Казакстандын медициналык-санитардык биринчи жардам сапатына жогорку баасын берди

Казакстанда акыркы 10 жылда саламаттыкты сактоо тармагынын эффективдүүлүгү эки эсеге өстү. Ошондой эле, кыска мөөнөттүн ичинде жашоонун узактыгын жогорулатуу боюнча жакшы көрсөткүчтөргө жетишти. ДССУнун маалыматы боюнча, бул жыйынтыктар кээ бир Европа өлкөлөрүнө караганда  жогору. Эл аралык адистер Казакстан медициналык-санитардык биринчи жардам көрсөтүүнү өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк лидерлердин бирине айланып бара жатканын айтышууда.

Сурайя Далил, ДССУнун МСБЖ боюнча атайын программасынын мүдүрү:
-
Алматы шаарында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Медициналык-санитардык биринчи жардам көрсөтүүнү өнүктүрүү боюнча Европалык борбору жайгашкан. Ал тармактагы адистерге медициналык-санитардык биринчи жардам кандай жүзөгө ашырыла турганын көрсөткөн уникалдуу окуу борбору. Бул билим берүү аянтчасына Борбор Азия өлкөлөрүнөн бир катар делегациялар өздөрүнүн тажрыйбасын жогорулатуу жана алмашуу үчүн келишкенин билем. Менин оюмча, бул борбор менен Казакстандын жаңы тажрыйбасын региондун башка өлкөлөрүнө да жайылтуу мүмкүнчүлүгү чоң.

Жером Вейнбах, Франциянын саламаттыкты сактоо министрлигинин Европа жана эл аралык байланыш бөлүмүнүн мүдүрү:
-
Жакында Казакстан менен Франция саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу боюнча меморандум түзүүгө киришет. Биздин өнөктөштүк аймактардагы алыскы калктуу-конуштарга биринчи медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнө негизделет. Казакстан абдан чоң мамлекет. Ага карабай тармакта чоң ийгиликтерге жетишти. Бизди өлкөдө бул тармакка киргизилген жаңы технологиялар кызыктырат. Ошондой эле жергиликтүү ооруканаларды өнүктүрүүгө байланыштуу жаңы пилоттук долбоорлор менен таанышкыбыз келет. Ошондуктан бул багытта тыгыз кызматташууну түзүүгө ниеттенип жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамлабеков