Казакстанда суу коопсуздугу маселелерине өзгөчө маани
берилет. Азыр өлкөдө суу ташкыны жана ага каршы иш-чараларды көбөйтүү боюнча
иштер жүрүп жатат. Касым-Жомарт Токаев Эр-Риярда өткөн саммитте белгилегендей,
тобокелдиктерди азайтуу жана калкты коргоо үчүн эрте эскертүү системасын
бекемдөө зарыл. Божомол жүргүзүүнү да эстен чыгарбоо керек. Белгилей кетсек,
учурда Казакстан бул багытта Нидерланды менен жигердүү кызматташууда. Бул
өлкөнүн серепчилери жайында, күзүндө Астанада суу каптоого каршы иш-аракет жана
суу тармагынын адистерин даярдоо боюнча семинарларды өткөрүшкөн.
Нико Схермерс, Нидерландынын
Казакстандагы элчиси:
- Менин оюмча, биздин
өлкөлөр биргелешип чечип жаткан башкы көйгөй - бул чоң аймакта эсеп жүргүзүү. Климаттын
өзгөрүшү менен биз жаңы кыйынчылыктарга туш болуп жатабыз. Нидерланды бул
маселелерди чечүү үчүн суу жана ирригация министрлиги менен кызматташууга даяр.
Казакстанда көптөгөн донордук уюмдар иштейт жана Координациялык кеңештин
түзүлүшү мекеменин эл аралык коомчулуктун аракеттерин консолидациялоону жана
координациялоону олуттуу колго алгандыгын тастыктап турат.
Белгилей кетсек,
өлкөнүн суу тармагын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн Координациялык кеңешинин
курамына БУУнун, эл аралык уюмдардын жана каржы институттарынын өкүлдөрү,
ошондой эле чет өлкөлүк өнүктүрүү агенттиктеринин, дипломатиялык корпус менен
бизнестин өкүлдөрү кирет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

