К. Токаев Грузиянын Президенти менен жолугушту

К. Токаев Грузиянын Президенти менен жолугушту

Астанадагы Регионалдык экологиялык саммиттин алкагында мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин Грузиянын Президенти Михаил Кавелашвили менен жолугушуусу болду. Лидерлер эки тараптуу мамилелерди чыңдоо келечектерин карашты. Касым-Жомарт Токаев Грузиянын Түштүк Кавказдагы Казакстандын маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшү экенин баса белгилеп, өз ара аракеттенүүгө жаңы импульс берүүгө даяр экенин ырастады. Президенттер соода-экономикалык байланыштарды арттыруу зарылдыгына көңүл бурушту. Атап айтканда, биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда, эки өлкөнүн транзиттик-транспорттук дараметин натыйжалуу пайдаланууда. Алар ошондой эле глобалдык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков