Казакстандан чыккан гуманитардык жардам Гератка жетти

Казакстандан чыккан гуманитардык жардам Гератка жетти

Казакстан жиберген гуманитардык жардам Ооганстандын Герат шаарына жеткирилди. Улуттук гвардиянын учагы Герат провинциясындагы жер титирөөдөн жабыркагандарга тамак-аш, чатырлар, дары-дармек, кийим-кече жана башка керектүү буюмдарды жеткирди. Жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдын көлөмү болжол менен 1700 тоннаны түзөт. Ал ортодо казакстандык куткаруучулар дайынсыз жоголгондорду издеп, урандыларды тазалоого киришти. Республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, казакстандык куткаруучулар эң кыйын участок деп белгиленген Герат шаарынан 25-30 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Наиброфи аймагында куткаруу иштерин жүргүзүп жатышат. Бул жерде дайынсыз жоголгондор көп. Ооганстандын шаар бийлиги күнү-түнү иштөөгө даяр ата мекендик куткаруучуларга ыраазычылык билдирди. Эскерте кетсек, 45 адамдан турган тажрыйбалуу топ, анын ичинде кинологдор, дарыгерлер жана авариялык медициналык борбордун фельдшерлери Ооганстанга керектүү жабдууларды ала барышкан.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков