Петроглифтер, боз үйлөр, учу-кыйырсыз талаалар, кең жайыттар
жана үйүрлөр. Бул пейзаждар кургак жана нымдуу кийиз басуу ыкмалары менен
жасалган кырктан ашык буюмга негиз болду. Костанайда «Оймо-чийме сыры» аттуу
көргөзмө өттү. Бул жерге келгендер сүрөттөрдөн тышкары колдонмо буюмдарды, баштыктарды,
жада калса зер буюмдарды да көрө алышат. Баардыгы улуттук оюм-чийим жана
байыркы кийиз басуу ыкмасы менен табигый жүндөн жасалган. Көргөзмөнү жасалгалоо
менен буга чейин окууну аяктаган 30 жергиликтүү кол өнөрчү айым алектенген.
Негизги чыгармалардын бири Казакстандын картасы. Анда ар бир аймак өзүнүн белгиси
менен көрсөтүлгөн.
Сауле Кабидулова, коомдук кол өнөрчүлөр фондунун жетекчиси:
Бүгүнкү күндө бул жерде казактын салттуу текемет, нымдуу
кийиз басуу, тигүү ыкмасы менен жасалган жеке, жамааттык топтук иштер да бар. Жеткиликтүү
деңгээлде татаал десе да болот. Биз казактын салттуу кол өнөрчүлүгүн
жандандыруу менен алектенгендиктен, ушундай экспозицияларды даярдап, көпчүлүктүн
назарына тартуулоону туура көрдүк.
Которгон: Илгиз Жамалбеков