Ага Казакстандын бардык аймактарынан 20 ансамбль жана 15 жеке аткаруучу катышууда. Иш-чаранын уюштуруучусу – Казак улуттук хореография академиясы болуп саналат. Сынактын алкагында буга чейинки беш сынактын материалдарынын көргөзмөсү да ачылды. Биринчи жолу казакстандык тунгуч бийчи, эл артисти Шара Жиенкулованын сейрек кездешүүчү сүрөттөрү камтылган уникалдуу фото-топтом тааныштырылды. Борбор калаадагы "Астана Балет" театрынын сахнасында бий номерлеринин демонстрациясы өтүүдө. Бул жерде жалган куран айынын 31де жеңүүчүлөр аныкталып, сынактын лауреаттарынын гала-концерти өтөт.
Бибгүл Нусипжанова, Казак улуттук хореография академиясынын ректору:
- Белгилей кетчү нерсе, бул кесиптик сынак, анткени ага облустук филармониялардын кесипкөй жамааттары, ошондой эле хореография кафедралары же факультеттери бар ЖОЖдордун студенттери гана катышат. Калыстар тобунун төрагасы Казакстандын эл артисти-биздин легендарлуу Гүлжан Калпакова. Ошондой эле калыстар тобунун мүчөсү - бул Азербайжандын эл артисти жана жылдызы Тарана Мурадова.
Тарана Мурадова, Баку хореография академиясынын эл аралык байланыштар боюнча проректору, Азербайжандын эл артисти:
- Албетте, Казак хореографиялык академиясынын ушунчалык кеңейип жатканы мени абдан кубандырат. Академиянын бүтүрүүчүлөрү абдан жакшы. Бул сынактар хореографияда абдан жемиштүү кадамдарды алып келет деп ойлойм. Кесипкөйлүк, музыканы тандоо, табигый хореография, артисттин табигый аткаруусу, сахнаны сезүү, көрүүчүлөрдү сезүү – булардын баары мен үчүн абдан маанилүү. Бирок мен үчүн бийчи катары эң башкысы кесипкөйлүк жана жан дүйнө. Жан дүйнөнүн аткаруусунда көрүүчүлөргө жектире билүү керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков