Казактын 1500 улуттук музыкалык чыгармасы дүйнөлүк музыкалык платформага жол тартты

Казактын 1500 улуттук музыкалык чыгармасы дүйнөлүк музыкалык платформага жол тартты

Казактын улуттук музыка өнөрү «Асыл мурас» деген ат менен дүйнөлүк мейкиндикке жол тартты. Коллекциядагы аудио чыгармалар эми Apple Music, Spotify, Yandex Music, YouTube Music сыяктуу музыкалык платформаларда жеткиликтүү. «Алтын фонддо» сакталган жалпы саны бир жарым миңге жакын ырлардын, жомоктордун жана бешик ырларынын нускалары алгачкы жолу дүйнөлүк популярдуу стримингтерде жүктөлдү. Бул уникалдуу аудио жыйнактын өзгөчөлүгү - мындагы чыгармалардын көбү алгачкы аткаруучулар менен башкача айтканда, оригиналдуу түрдө берилген. Бул эмгектер Мамлекеттик телерадиокорпорациясынын архивинде сакталып турат. Жаңы долбоордун бет ачарында сөз сүйлөгөн Казакстандын мамлекеттик кеңешчиси Ерлан Карин жыйнактын эл аралык платформаларга чыгышы улуттук маданиятты даңазалоого жаңы дем берерин белгиледи.

Ерлан карин, Мамлекеттик кеңешчи:


- Улуттук өзгөчөлүгүбүз, эгемендүүлүгүбүз, нукура баалуулуктарыбыз үчүн күрөш эми санариптик мейкиндикте жүрөт. Ким өзүнүн өнөрүн, маданиятын, нукура баалуулуктарын, тарыхын ошол санариптик мейкиндикке жеткирсе, ошол өлкөнүн, улуттун, элдин маданияты, өнөрү дагы бир заманга  өмүрү узарат деген сөз.


Которгон: Илгиз Жамалбеков