«Астана Опера» театрында «Риголетто» спектаклинин премьерасы өттү

«Астана Опера» театрында «Риголетто» спектаклинин премьерасы өттү

«Астана Опера» театрында дагы эле аншлаг. Залда бош орундук жок. Өнөр сүйүүчүлөр чыдамсыздык менен күткөн «Риголетто» спектакли көпчүлүктүн көңүлүнөн чыкты. Дүйнөгө аты таанымал Джузеппе Вердинин сүйүү жана чыккынчылыкка негизделген драмасын маэстро Алан Бөрибаев менен француз режиссёру Арно Бернар өзгөчө түрдө коюшту. Башкача айтканда, бул спектаклде тагдыры татаал шайыр Риголетто эмес, ой-жүгүртүүсү кең, билимдүү, жаркын келечекке умтулган Герцог окуялардын чордонуна айланды. Атактуу сахналык оюн жаңы өңгө боёлгону менен, түпкү маани-маңызы жана мазмуну мурдагы калыбында сакталган. Ал каармандардын карама-каршылыгы аркылуу адамдарга жакшылыкка алып баруучу жолду көрсөтүү. Оркестрдин коштоосу Вердинин назик лирикага толгон обондуу музыкасын чебер жеткире алды.

Арно Бернар, Режиссер:

- Джузеппе Вердинин операсы көрүүчүлөрдү орто кылымдагы Италияга саякаттагандай сезимге бөлөйт. Бул бир кино тасмасындай. Мен актёрлордон өз партияларын чындыкка жакын, кесипкөйлүк менен мыкты аткарууну сурандым. Костюмдарга келсек, аларды жасаган учурда сүрөтчүбүз Анна Вердененин убагында жумуштарында караңгы түстөрдү колдонгон белгилүү Морониден үлгү алуусун кааладым. Башкача айтканда, мындай образдар ошол доорго саякат жасоого жардам берет.

Алан Бөрибаев, Дирижер:

- Бул өтө жогорку табит менен, тарыхый маалыматтарга таянып жасалган спектакль. Коюлган оюн көрүүчүсүн ошол мезгилге саякат жасагандай таасирге бөлөйт. Эски картинага жан киргизди десек болот. Биз эгерде музыканын чебери Верди менен ошол замандын кылкалам чебери Караваджо биргелешип жумуш жасагандай таасир калтырууну көздөдүк. Бул оюбуз жүзөгө ашты деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков