Казакстандык актёр Кытайдагы ШКУнун кинофестивалында мыкты деп табылды

Казакстандык актёр Кытайдагы ШКУнун кинофестивалында мыкты деп табылды

Казакстандык Бахыт Хаджибаев Кытайда ШКУга мүчө мамлекеттердин кинофестивалында сыйлыкка ээ болду. «Мыкты актер» номинациясындагы жеңишти ага «Набат» операциясы» тасмасындагы башкы ролу алып келди. Сынакка 10 өлкөдөн 20 тасма катышып, аларга кадыр-барктуу эл аралык калыстар тобу баа берди. Белгилей кетсек, ата мекендик тасма чыныгы окуяларга негизделген. Анда 1992-жылдын бирдин айында 30 жүргүнчүсү бар автобустун басып алынышы тууралуу баяндалат. Казакстандык күч түзүмдөрүнүн кесипкөйлүгүнүн аркасында операция курмандыктарсыз аяктаган.

Которгон: Назира Бегалиева