Костанай колледждеринде суроо-талапка ээ адистер даярдалат

Костанай колледждеринде суроо-талапка ээ адистер даярдалат

Казакстан колледждеринде рынокто суроо-талапка ээ адистер даярдалат. Мисалы, Костанайда облустун иштеп жаткан жана жаңы курулуп жаткан унаа жасоо ишканалары үчүн инженердик-техникалык багыттагы кадрлар окутулуп жатат. Акыркы төрт жылда автоунаа транспорту колледжинде 7 жаңы адистик ачылды. Азыркы окуу жайда республика боюнча 1400дөн ашуун студент билим алат. Президент Касым-Жомарт Токаев улуттук курултайдын жыйынында колледждин сапаттуу ишин белгиледи. Мамлекет башчысы өлкөнүн түндүк аймактарында Костанай автоунаа транспорту колледжинин тажрыйбасын кеңири жайылтуу зарылдыгын баса белгиледи.


Дмитрий Павленко, Костанай автоунаа транспорту колледжинин мудүрү:


- Биздин колледждин мисалында мен мамлекет башчысына жана кесиптештерибизге кандай иштерди аткарып жатканыбызды, эмне үчүн тажрыйбабыз ийгиликтүү болгонун айтып бердим. Биринчи кезекте биз Костанай облусунун ишканаларынын негизинде  иш алып барабыз. Аларга керектүү адистиктерди аныктап, аларга лицензия алып, адистерди даярдайбыз. Кадрларды даярдоодо алдыдабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков