Казакстандык окуучулар робототехника боюнча мелдеште дүйнөнүн үч жолку чемпиону болушту. Грециядагы эң ири интеллектуалдык олимпиадада өлкөнүн командасы 190 өлкөнүн арасынан жеңишке жетишти. Алтын медалдан жана оюндардагы рекорддук көрсөткүчтөрдөн тышкары, улуттук курама команда эң мыкты инженерия үчүн дагы эки күмүш сыйлыкка ээ болду. Эскерте кетсек, казакстандыктар буга чейин Женевада, андан кийин Сингапурда чемпиондук титулга ээ болушкан.
Асылбек Мырзахметов, Казакстан курамасынын робототехника боюнча машыктыруучусу:
– Биз дагы жарыш рекордун жаңырттык. Өлкө куржунун дагы бир алтын медаль менен толуктаганыбызга кубанычтабыз. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү эки жолку чемпион боло элек. Эми биз үчүнчү жыл катары менен чоң жеңишке жетишип жатабыз.
Белгилей кетсек, бул жылдары улуттук курама команданын курамы кайталанган эмес. Өлкөнүн намысын жыл сайын ар кандай балдар коргойт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков