Касым-Жомарт
Токаевдын БУУну реформалоо боюнча демилгесин Финляндиянын президенти колдоду.
Александр Стубб Maqsut Narikbayev Universityнин студенттери менен жолугушууда
эл аралык уюмдар заман талабына ылайык өзгөрүшү керектигин билдирди. Эске сала
кетсек, Казакстандын президенти БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясында дал
ушул ойду айтып, дүйнөлүк түзүмдү жаңылоону Коопсуздук кеңешинен баштоону
сунуштаган.
Александр
Стубб, Финляндия президенти:
- Өкүлдүк
деген – бул өлкөнүн күчү, сөзү жана үнү болуусу. Мен ушуга байланыштуу 3 сунуш
киргиздим. Биринчиси – Коопсуздук кеңешинин курамын эки эсе көбөйтүү, тагыраак
айтканда кеңештин туруктуу мүчөлөрүнүн санын 5тен 10го жеткирүү. Экинчи сунушум
– Коопсуздук кеңешиндеги туруктуу мүчөлөрүнүн вето укугун алып салуу. Үчүнчү
сунушум – БУУнун Уставын бузган өлкөнүн добуш берүү укугун кайтарып алуу. Бул
жаңы тең салмактуулук жаратып, системаны адилеттүү кылууга өбөлгө түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

