Казакстандык окуучулар Юпитердин ресурстарынан кантип
энергия алууну билишет. Алматыдагы Назарбаев интеллектуалдык мектебинин
окуучуларынын «Icarus: Baiterek» долбоору Space Settlement Contest эл аралык
сынагынын жеңүүчүсү болду. Абройлуу илимий-инженердик сынакка дүйнөнүн 30дан
ашык өлкөсүнөн 23 миңден ашуун окуучу катышты. Казакстандык команда планетанын
системасындагы Каллистонун орбитасында өзүн-өзү камсыз кылган станцияны
түзүштү. Анын концепциясы жасалма тартылуу күчүн түзүүнү, сууну тазалоо
системасын жана хлорелланын негизинде кычкылтек өндүрүүнү камтыйт. Станцияда
космостогу жашоону изилдеп эле тим болбостон, глобалдык көйгөйлөрдү да чечүүгө
болот. Мисалы, газ гигантынын үстүнкү катмарларынан альтернативдүү энергия
булактарын казып алуу, аларды адаптациялоо.
Ошондой эле жерге жеткирүү аркылуу күйүүчү майга болгон көз карандылыкты
азайтуу сунушталган.
Сабыржан Инкарбек, 9-класстын окуучусу:
– Биз
Юпитерди алдык, бул
абдан пайдалуу деп эсептейбиз, анткени Юпитерде көптөгөн спутниктер бар. Алар
бири-биринен анча алыс эмес жерде жайгашкандыктан, ар кандай ресурстарды
өндүрүү үчүн алардын ортосунда жүрүү абдан ыңгайлуу, анткени Юпитердин
айларында суудан тартып, минералдарга чейин жана энергияга чейин бардык
нерселер бар. Менин оюмча, 50-100 жылдан кийин бул идея абдан актуалдуу жана иш
жүзүндө колдонорлук болуп калат.
Ай менен Марсты изилдөө артыкчылыктуу максаттар болуп
саналганына карабастан, заманбап космостук программалар изилдөө горизонтторун
активдүү түрдө кеңейтүүдө. Мисалы, казакстандыктар Күн системасындагы эң чоң
планетанын күчтүү атмосфералык процесстерин колдонууну сунушташты. Алматылык
окуучулар адамзатка Жерден алыс жерде бекемделип, сейрек кездешүүчү
минералдарды изилдөөгө мүмкүндүк берүүчү терең космоско «дарбаза» долбоорлошту.
Ерболат Ниятбай – NIS мектебинин мүдүрү:
– Илимге
жаңыдан кадам таштаган жаштар өзгөчөлөнүүгө аракет кылышат. Бул жерде
окуучуларыбыздын чыгармачылыгы жардамга келет. Эгерде алар мурда башка
окумуштуулар тарабынан каралбаган концепцияны сунушташса, анда алар бул мүмкүн
деген
тезисти көтөрүшөт.
Эми жаш инженерлер АКШга жөнөп кетишет, ал жакта теке айында Эл аралык космосту өнүктүрүү боюнча конференцияда (International Space Development Conference) дүйнөлүк серепчилерге өздөрүнүн долбоорлорун тартуулашат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

