Казакстан литий-иондук аккумуляторлор үчүн компоненттерди жеткирүүнүн
глобалдык чынжырында өз ордун ээлөөгө даяр. Назарбаев Университетинде руданы
даяр катоддук материалга кайра иштетүү технологиялары иштелип чыккан жана
чечимдердин бир бөлүгү коммерциялаштырууга даяр. Жакынкы келечекте Казакстан
чийки затты эмес, кайра иштетилген компоненттерди экспорттой алат. Ошентип,
борбор калаадагы жогорку окуу жайдын изилдөөчүлөрүнүн аракети менен литий-иондук
аккумуляторлорду чыгаруу боюнча пилоттук линия ишке киргизилди. Келечекте –
сериялык өндүрүштү баштоо жана жаңы тармак үчүн адистерди даярдоо. Иштеп
чыгуулардын катарында аккумуляторлор үчүн негизги компоненттерди – никель,
кобальт, марганец жана темирди алуу технологиялары да бар. Окумуштуулардын
электрохимиялык энергетика жаатындагы жетишкендиктерин Астанада өткөн
INESS-2025 эл аралык конференциясынын катышуучулары талкуулашты.
Жумабай Бакенов, NU профессору:
- Азыр биз айрым жеке компаниялар менен
иштеп жатабыз – биз өзүбүздүн технологияларыбызды киргизебиз, никель казып
алуучу компаниялар менен иштей баштайбыз, өнөр жай жана курулуш министрлиги
менен биргеликте биз азыр пилоттук өндүрүштү уюштуруу боюнча чоң долбоорду
баштоону болжолдоп жатабыз. Биз Кытайга жана биз кызматташкан өлкөлөргө багыт
алабыз, Азия өлкөлөрү менен
тыгыз кызматташабыз.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

