Костанай облусуна барган өрт өчүрүүчүлөр өз аймактарына кайтышууда

Костанай облусуна барган өрт өчүрүүчүлөр өз аймактарына кайтышууда

Костанай облусунда өрттү өчүрүүгө тартылган куткаруу бөлүктөрү өз аймактарына кайтып келишүүдө. Азыр Аулиекөл районунда абал туруктуу. Жалпысынан тилсиз жоо менен күрөшүүгө 2 миңден ашык куткаруучу тартылган. Алар окуя болгон жерде 1 жумадай кызмат кылышты. Толугу менен өчүрүлгөнгө чейин аймакта 400дөн ашык өрт өчүрүүчү болот. Жаратылыш кырсыгынын кесепеттери жоюлмайынча өзгөчө кырдаал боюнча штаб өз ишин улантат.

Марат Сыздыков, Түндүк Казакстан  облустук ӨКДнин башкармалыгынын башчысынын орун басары

- Биз келгенде жердин баары жалындын курчоосунда болгон. Түнкү убакыт болчу. Дароо ишке кириштик. Эң коркунучтуусу мунай базасы болду. Топ-топко бөлүнүп, ар тараптан өрттү өчүрүп жаттык. Тургундар арасында дагы суу ташып жардам бергендер болду.

Уалихан Мусанов,  Облустук ӨКДнин басма сөз кызматынын өкүлү

- Учурда 4 багыт боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Алар: өрт өчүрүлгөн жерлерге кайра тутанбашы үчүн суу куюу, күйүп жаткан жерлерди жок кылуу, калктуу конуштардын айланасында минералдык тилкелерди түзүү. Азыркы учурда жакынкы айылдарга коркунуч жок.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков