Казакстан жарандары интернет-шылуундарынын кесепетинен 7 миллиард теңгесинен айрылды

Казакстан жарандары интернет-шылуундарынын кесепетинен 7 миллиард теңгесинен айрылды

Жыл башынан бери өлкөдө 12 миңге жакын интернет алдамчылыгы катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин өкүлү Шугыла Турлыбек атайын маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, интернет-кылмышкерлердин арам ниетине ишенген өлкө жарандары 7 миллиард теңгесинен кол жууган. Учурда 571 интернет шылууну кармалып, 17 уюшкан кылмыштуу топ жок кылынды. Мындай кылмыштар Нур-Султан, Алматы шаарларында жана Караганды облусунда көп катталып жатканын байкоого болот. Интернет-алдамчылардын мыйзамсыз иштеринин курмандыгы болуп калбоо үчүн Ички иштер министрлиги элге СМС-эскертүү жөнөтүүдө.

Шугыла Турлыбек, Казакстандын ички иштер министрлигинин өкүлү:

- Жыл башынан бери өлкөдө 12 миңге жакын интернет алдамчылыгы катталган. СМС аркылуу ал тууралуу элди кабардар кылуу боюнча баш оона айынын 4дө Ички иштер, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана байланыш операторлорунун өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылган эле. Мобилдик байланыш Казакстандын ар бир тургунуна жашаган жана жайгашкан жерине карабастан, алдамчылык фактылары тууралуу маалыматты SMS аркылуу жөнөтүүгө жана аларга ыкчам билдирүүгө мүмкүндүк берет. Бөлүштүрүү системасынын чектөөлөрүнөн улам SMS тексттериндеги символдордун саны чектелүү. Ошондуктан билдирүүнүн тексти кыскартылган. Ички иштер министрлиги бардык жарандарды этият болууга чакырат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков