Бүгүн эки палатанын биргелешкен жыйынында 8-шайланган парламенттин алгачкы сессиясы расмий жабылып, жумушу жыйынтыкталды. Эл өкүлдөрү 100 күн ичинде өлкө үчүн кандай иш-аракеттерди көрүштү? Бул тууралуу Мажилистин төрагасы баяндап, алдыдагы иштердин жүрүшү менен бөлүштү. Парламентке келип түшкөн 82 мыйзам долбоорунун 25и кабыл алынып, 13үнө президент кол койду. Жаңыланган курам мыйзамсыз алынган активдерди кайтаруу, суюлтулган газдын жүгүртүүнү жөнгө салуу, турак-жай коммуналдык чарбасы, Семей ядролук полигону боюнча документтердин мыйзамдуу күчүнө киришин кубаттады.
Ерлан Кошанов, Парламент Мажилисинин төрагасы:
- Мыйзам долбоору менен Улуттук фонддон балдарга бөлүнө турган төлөмдөр маселеси боюнча ишти улантабыз. Бул президенттин масштабдуу реформалардын алкагындагы негизги демилгелеринин бири. Мамлекет башчынын тапшырмасына ылайык, биздин алдыбызда Салык жана Бюджет, Суу жана шаар куруу кодекстери, Мамлекеттик сатып алуулар, Илим-техникалык саясат боюнча мыйзам долбоорлору менен иштөө милдети турат.
Өткөн сессияда эл өкүлдөрү социалдык адилеттүүлүк издеп келген миңге жакын жаранды кабыл алып, 7 миңге жакын кат менен таанышты. Аткаруу бийлигине 300дөн ашык депутаттык суроо жөнөтүлдү. Көпчүлүгү шайлоодо берген убадасын аткаруу боюнча. Бул жолу да эс алуу убактысынын бир бөлүгүн бизге ишенген эл менен жолугуп, алардын кайгы-муңун, мүдөөсүн билүүгө арнайбыз дешет эл өкүлдөрү.
Даулет Мукаев, Парламент Мажилисинин депутаты:
- Бир-эки жолу болду депутаттык суроо кезекке туруп калганы. Кээбир учурлары 40ка чейин депутаттык суроо чогулган учурлар болгон. Алгачкы он күндөрдө эл менен Астанада жолугушууну пландап жатабыз. Эл менен жолугушуу дегенибиз менен ансыз да өзүбүз элдин арасында жүрөбүз.
Асхат Аймагамбетов, Парламент Мажилисинин депутаты:
- Алдыда бизде шайлоочулар менен жолугушууларыбыз бар. Биринчи кезекте ошол жолугушууларды өткөрөбүз. Бир нече конуштарды жана аймактарды кыдыруу пландалууда. Бул биринчи кадам, анан албетте мүмкүн болсо, үй-бүлө менен убакыт өткөрүү. Жаңы сессияга да даярданабыз. Куржунубузда бир нече мыйзам долбоорлору бар.
Белгилей кетсек, бул парламенттин тарыхындагы эң партиялуу жана эң жаш чакырылыш болуп саналат. Анын курамы биринчи жолу бир мандаттуу округдан шайланып, саясий жарышта жеңишке жеткен депутаттар менен толукталды. Мажилистин ыйгарым укуктары кеңейди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков