Казакстанда товардын
географиялык көрсөткүчтөрүн киргизүү тенденциясы күч алууда. Жыл башынан бери
Улуттук интеллектуалдык менчик институтуна өнүм чыккан жерлердин аталыштарын
каттоого 170тен ашуун арыз келип түшкөн. Алардын 38и кабыл алынса, башкалары
адистердин кароосунда. Атап айтканда, «Талгар алмуруту», «Нарынкөл картошкасы», «Көкшетау балмуздагы», «Костанай балы» жакында жаңы географиялык
көрсөткүчтөрдүн катарына кирди. Бул тууралуу атайын пресс-конференцияда Юстиция
министрлигинин өкүлдөрү билдиришти. Өлкөдө интеллектуалдык менчик укуктарын
коргоо маселелери жакшыртылууда. Аларды коргоо үчүн эл аралык өнөктөштүк да
өнүгүп келүүдө. Тиешелүү келишимге быйыл Сингапур менен кол коюлду. Мындан
тышкары, Казакстан Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү катары бирикменин
мындай бузууларды аныктоо жана контрафакттык өнүмдөр менен күрөшүү боюнча ишине
активдүү катышат. Бул жаатта айта кетчү жагдай, акыркы 5 жылда Биримдик
аймагында шайкеш келбеген товарлардын 60 миллиондон ашыгы аныкталган.
Ернар Бектенов, ЕЭК ишкердик кызматты өнүктүрүү
департаментинин мүдүрү:
- Интеллектуалдык менчик объектилеринин бирдиктүү бажы
реестри боюнча жүргүзүлүп жаткан сыноолор аяктоодо. Товардык белгилерди жана
келип чыккан жерлердин аталыштарын каттоо тутумун түзүү тенденциясы да аяктоого
аз калды. Башкача айтканда, биз азыр бул багытты өнүктүрүүгө жигердүү кириштик.
Биз мүчө мамлекеттердин күч-аракеттери белгилүү деңгээлде бири-бирине шайкеш
келерин жана бул чаралардын бардыгы алардын ар бири үчүн бирдей натыйжалуу экендигин
эске алуу менен тиешелүү укуктук базаны түзөбүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

