Казакстанда мигранттарды каттаган «Куттуу мекен» уникалдуу системасы түзүлөт

Казакстанда мигранттарды каттаган «Куттуу мекен» уникалдуу системасы түзүлөт

Казакстанда “Куттуу мекен” бирдиктүү системасы түзүлөт. Автоматташтырылган система мигранттардын бардык категорияларын камтыйт. Башкача айтканда, өлкөгө кирип-чыккан чет элдик жарандардын так эсебин берет. Бул тууралуу тармактын адистери атайын брифинг учурунда билдиришти. Алардын айтымында, жакында эле өлкөнүн миграция концепциясын ишке ашыруунун алкагында жетишсиз адистиктер  боюнча чет өлкөдөн адистерди тартуунун тартиби бекитилген.

Аскарбек Ертаев, миграция комитетинин төрагасы:

-Эми бул тизмедеги адистиги бар чет элдиктер өлкөдө туруктуу жашоого уруксат алуу үчүн жөнөкөйлөтүлгөн тартипте кайрыла алышат. Алар төлөөгө жөндөмдүүлүгүн далилдөөдөн бошотулат. Уруксат берүүнүн жаңы эрежелери кабыл алынды. Анын негизги жаңылыгы – бир уруксат менен бир нече аймактарда иштөөгө болот.

Документте өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу боюнча конкреттүү чаралар каралган. Мисалы, инвесторлордун узак мөөнөттүү визасынын жаңы түрү киргизилүүдө. Мындай визалардын ээлерине өлкөнүн аймагында туруктуу жашоого уруксат алуу укугу берилет.

Аскарбек Ертаев, миграция комитетинин төрагасы:  

-А-5 категориясындагы инвесторлор чет өлкөдөн жумушчу күчүн тартууга уруксат алышпайт. Жыл башынан бери 76 чет элдик жаранга ушундай инвестор визасы берилди. Чет өлкөдөгү мекемелерибизден дараметтүү инвесторлорго “бир арыздын” негизинде Жеке идентификациялык номерди жана Электрондук санариптик кол тамганы берүү жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү. Мындан тышкары, инвестор-ишкерлерге инвестициялык виза алуу үчүн зарыл болгон төмөнкү чекти 300 миң АКШ долларына чейин төмөндөтүү пландалууда. 

Мындан тышкары, чет өлкөдө ийгиликтүү бизнеси бар этникалык казактар ​​үчүн “Ата жолу” картасы ишке киргизилди. Анын негизги өзгөчөлүгү – чет элдик ишкерлер жарандар менен бирдей укукка ээ болот. Ошол эле учурда жыл башынан бери 15 жарым миң кандаштар тарыхый мекенине кайтып келгенин айта кетели. Алардын үчтөн экисине жакыны ишке жарамдуу.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков